Балдар аянтчасында окшоштурулган өрттүн тутануу очогу, мына бүгүн “Азия Молл” соода борборунда өткөн үйрөтүүлөрдүн сценарийи ушундай. Комплекстин администрациясы өзүнүн кызматкерлеринин, ижарачыларынын даярдыгын текшерди, муну менен бирге дагы бир жолу өт өчүрүүгө арналган жабдуунун даярдыгына ынанды. Үйрөтүүлөргө ӨКМ Өрткө каршы кызматы, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана Бишкек ш. тез жардам кызматы катышты.
Негизинен үйрөтүүлөрдү ийгиликтүү деп атаса болот, бардык келүүчүлөр имараттан 5 мүнөттө эвакуацияланды. Үйрөтүүлөрдүн расмий баасын сиз Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төмөнкү баракчасынан көрө аласыз:
http://mes.kg/ru/
Түшүнгөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз, биз мындан ары да коопсуздук шарттарын жакшыртабыз.
“Азия Молл” соода борборунун администрациясы