• kg
  • ru
  • en
  • ТРЦ "Asia Mall"
    10:00 - 22:00
    Кофейнялар (1 кабат)
    10:00 - 00:00
    Кинотеатр
    10:00 - 00:00
    Унаа жуугуч
    Күнү-түнү
    Супермаркети
    09:00 - 22:00
    Фудкорт
    10:00 - 23:00
    Паркинг
    09:00 - 00:00
    Өсүү

    Asia Mall жөнүндө

    Ижарачыларга

    Жарнама берүүчүлөргө

    Asia Mall – бул Бишкектин так борборунда жайгашкан Кыргызстандагы заманбап эң ири соода борбор! Товарлардын кеңири катары менен кенен дүкөндөр, бардык үй-бүлө үчүн кызыктуу көңүл ачуучу жайлар, чоң фудкорт, жагымдуу атмосфера жана дайыма майрамдык сезим – бизде сиздин ыңгайлуу эс алууңуз жана жагымдуу шопинг үчүн бардык зарыл болгон нерселер бар. Эконика, Incanto, DeFacto, ТВОЕ, Шоколадница, NEXT, LOFT, Tom Tailor, BluKids,The Saem сыяктуу бүткүл дүйнөлүк белгилүү бернддер, Puma, Benetton жана Pierre Cardin концептуалдык бутиктери – биринчи жолу Бишкекте так Asia Mall борборунда пайда болду. “Дүйнө элдерини тамак ашы” концепциясы боюнча өлкөдөгү эң ири фудкорт жадагалса накта гурмандарды кубантат. Жети залдан турган «Broadway» 3D кинотеатры жумасына 7 күн түн ортосуна чейин иштейт, бардык дүйнөлүк стандарттарга жооп берген заманбап жабдуулар менен жабдылган. «JUNGLE Play» көңүл ачуучу балдар аянтчасы – бул эл аралык сапат жана коопсуздук стандарттарына жооп берген жаркын, түрдүү жана кызыктуу аттракциондор. 3000 чарчы метр балдар аянтчасынын аймагында бардык курактагы меймандар үчүн активдүү эс алуу аттракциондоурн таба аласыз. Ар бир бала жана өспүрүм бул жерден өзүнө жаккан оюн-зоокторду таба алат! Rift VR парк – виртуалдуу чындык эффекттери менен оюн стимуляторлор аттракциондорунун уникалдуу паркы жадагалса чоңдорду көңүл кош калтырбайт!

    4
    соода кабаттары
    2
    жер астындагы паркингдин деңгээли
    100+
    бутиктер
    1 000
    унаа орду
    55 000
    чарчы метр соода аянттары

    Моллдо чектелген мүмкүнчүлүгү менен адамдар үчүн убакыт өткөрүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, кардарлар үчүн 10 лифт жана 10 эскалатор иштеп, гардероб, эне жана бала бөлмөсү, намазкана, акысыз эки деңгээлдүү жер астындагы паркинг жана 1000 унаага арналган тышкы унаа токтотмо, ыңгайлуу кирме жолдор бар, булардын баары Asia Mall меймандарынын ыңгайлуулугу жана жайлуулугу үчүн түзүлгөн.

    “Asia Mall” соода борбору шаардыктар үчүн эң жакшы көргөн жана борборубуздун меймандары үчүн сөзсүз баруучу жерлердин бирине айланды!

    Asia Mall – борбордун жүрөгү!

    Биз силерди күндө 10:00дөн 22:00 чейин күтөбүз. Кинотеатр жана фудкорт 00:00 чейин иштейт.

    Asia Mall – Кыргызстандагы биринчилерден болуп ачылган эл аралык стандарттагы соода - көңүл ачуучу борбору. Өзүнүн ишмердүүлүгүн 2017-жылдын 31-августунда баштап, шаардыктар жана борбордун меймандары үчүн сүйүктүү жайга айланды. Asia Mall борбор шаардын так ортосунда ыңгайлуу жайланышкан, улам өсүп туруучу трафикке ээ. Соода борборунун жалпы аянты 73 000 кв.м., бул аянтта белгилүү бренддердин кийимдеринин, бут кийимдеринин жана акссесуарлардын бутиктери, азык-түлүк супермаркети, өлкөдөгү эң ири фудкорт, жети залы бар кинотеатр жана балдар аянтча, ошондой эле биздин келүүчүлөр үчүн көптөгөн кызматтар жайгашкан. Ыңгайлуу орун алышы, ыңгайлуу кирип чыгуучу жолдор, көп функционалдуу инфратүзүм, ички жасалгалардын заманбап дизайны, ошондой эле чоң мааниге ээ болгону нерсе - бул мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга убакытты өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарттар, мына ушунун баары соода борборунун келүүчүлөрүнүн жайлуулугу жана ыңгайлуулугу үчүн жасалган.

    Asia Mall – борбордун жүрөгү!

    Ижара боюнча бөлүмдүн байланыш телефондору: +996 (312) 975979, +996 (550) 417032

    Ижара бөлүмү
    Ижарага табыштама



    AsiaMall – Кыргызстандагы үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү үчүн көптөгөн дүкөндөрү жана эс алуучу жайлары менен эң ири соода– көңүл ачуу борбору.

    Asia Mall жарнама берүүчүлөр үчүн универсалдуу аянтча болуп саналат, Asia Mall соода борборундагы жарнама – бул сиздин жарнама кабарламаңызды максаттуу аудиторияга жеткирүү үчүн уникалдуу жана эффективдүү ыкма.

    Сиздин жарнамаңызды эң көп сандагы дараметтүү кардарлар көрөт, бул жакшы таанылууну камсыздайт.

    Сиздердин брендерди алга жылдыруу үчүн жана керектөөчүлөрдүн лоялдуулугун жогорулатууда бизде кенен жарнамалык мүмкүнчүлүктөр сунушталат.

    AsiaMall соода борборундагы жарнамалык мүмкүнчүлүктөр:

    • Атриумдардагы LED экрандар
    • Соода борборундагы керме/жөргөмүшчөлөр
    • Эскалаторлордун брендинги
    • Лифттердеги/коридорлордогу жарнама
    • Атриумдардагы мобайлдар
    • Токтотуучу жайдын зонасындагы баннерлер жана навигациялык көрсөтмөлөр
    • Промо-акцияларды жүргүзүү
    • Жайкы аянтчада жана соода борборунун ичиндеги ивенттер
    • Лифлетинг
    • www.asiamall.kg сайтында баннердик жарнама
    • Радиожарнама
    • Соода борбордун алдында LED экрандарды орнотуу мүмкүнчүлүгү

    «AsiaMall» соода борборунда жарнамаларды жайгаштыруу үчүн төмөнкү номерлер аркылуу байланышыңыздар: +996 (312) 975989, +996 (555) 125050

    Маркетинг бөлүмү
    X
    X